Бишкек-Москва каттамы менен учкан учак авариялык конууга аргасыз болгон
19-июлда Самарада Бишкек - Москва каттамындагы учак авариялык конууга аргасыз болду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, авариялык конуу "Курумоч" аэропортунда (Самара шаары) ишке ашырылган.
U6 8264 жүргүнчүлөрүнүн биринин ден-соолугуна байланыштуу конууга аргасыз болгон. Маалым болгондой, учак Курумочко 7:43тө конгон. Учуп-конуу тилкесине тез жардам кызматы барган. Дарыгерлер жүргүнчүнү текшерүүдөн өткөрүшкөн. Аны жергиликтүү ооруканалардын бирине жаткыруу чечими кабыл алынган.