SerepTV Logo

"Бир айдан кийин 119 жашка чыкмак". Дүйнөдөгү эң улгайган аял каза болду

"Бир айдан кийин 119 жашка чыкмак". Дүйнөдөгү эң улгайган аял каза болду
Гиннесстин рекорддор китебинин сайтына ылайык, дүйнөнүн эң улгайган аялы Андре деген ат менен белгилүү Люсиль Рэндон 118 жашында каза болду. Ал 1904-жылы 11-февралда Франциянын түштүгүндө төрөлгөн. Ал 119 жашка чыгууга 25 күн калганда көз жумду. Өткөн жылдын апрелинде 118 жаш 73 күн болгон француз аял дүйнөнүн эң улгайган аялы деп табылган.

Гиннесстин рекорддор китебинин сайтындагы маалыматка караганда, Рэндондун жаш кезинде мугалим жана гувернантка болгондугу, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда балдарды караганы, андан кийин жетим балдар жана карылар менен иштегени айтылган. 

edita