SerepTV Logo

Белгилүү футболчунун мечит тазалап жаткан видеосу тарады

Белгилүү футболчунун мечит тазалап жаткан видеосу тарады
Германиянын курамасынын мурдагы футболчусу Месут Өзил Стамбулдагы Шемси Ахмет Паша мечитин тазалап жатканда тартылган видео тарады.  Күбөлөрдүн айтымында, Өзил мечитке намаз окуу үчүн кирип, намаздан кийин тазалап жаткандарга жардам берип баштаган. Месут Өзил Германияда түрк үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал "Арсенал" жана "Реал Мадрид" сыяктуу атактуу клубдарда ойногон. 2014-жылы Германиянын футбол боюнча курама командасынын курамында дүйнө чемпиону болгон.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от NOVI PAZAR VESTI (@novipazarvesti_official)

edita