Белгилүү актёр Вахтанг Кикабидзе 84 жашында көз жумду
Белгилүү актёр Вахтанг Кикабидзе узакка созулган оорудан 84 жашында каза болду. Бул тууралуу грузиялык "Мтавари" телеканалы билдирди.
Вахтанг Кикабидзе - советтик жана орус-грузин ырчысы, музыкант жана актёр. Ал “Мимино”, “Ольга жана Константин”, “Акцент менен сүйүү” жана башка тасмалардагы ролдору менен эсте калды.
Ал 1938-жылы 19-июлда Тбилисиде туулган. Грузин ССРинин эл артисти (1980). Украинанын эмгек сиңирген артисти (2013).
https://youtu.be/MATetAVwFsg