SerepTV Logo

Беларуста айдоочу Орусия элчилигинин темир эшигин бузуп кирген

Беларуста айдоочу Орусия элчилигинин темир эшигин бузуп кирген
Беларустун борбору Минск шаарында унаа кечээ, 27-июнь күнү кечинде Орусиянын элчилигинин имаратынын кире беришине кирип келип, темир эшикти сындырган. Окуядан кийин айдоочу унаасынан түшүп, элчиликтин темир торлоруна чыгып, кирип барган. Элчиликтин күзөтчүлөрү жана полиция кызматкерлери айдоочуну кармоого жетишкен. Беларустун Ички иштер министрлиги 35 жаштагы айдоочу кармалгандыгын жана шектүү буга чейин баңги зат жана зордуктоо окуялары боюнча соттолгонун жарыялаган. Кармалган айдоочунун иликтөө иши уланып жатканы айтылды.
Unknown Author