SerepTV Logo

Беларуста президентти кемсинткен киши түрмөгө кесилди

Беларуста президентти кемсинткен киши түрмөгө кесилди
Беларуста эркек киши президентке эл алдында акараат келтиргендиги үчүн жана андай бейбаштыгы үчүн жалпы режимдеги колонияда жаза өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Бобруйск шаарынын прокуратурасы президент Александр Лукашенкону эл алдында кордогон жана бейбаштык кылган деген айыптар менен жергиликтүү тургунга карата кылмыш ишин козгоду. Анда мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен, Бобруйск облусунун жана Бобруйск шаарынын соту ал жаранга карата айыптуу өкүм чыгарды. "Ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында бир жыл бир айга эркиндигинен ажыратылды", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author