Беларусь коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын жарыялады
Беларуста COVID-19 үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин гигиена, эпидемиология жана профилактика бөлүмүнүн башчысы Инна Карабан билдирди.
"Биздин республикада жугуштуу оорунун кезектеги өсүшү башталды - биз муну үчүнчү толкундун башталышы деп атасак болот", - деди Инна Карабан.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Беларуста 336,8 миң адамдан коронавирус аныкталган.