SerepTV Logo

BBC'нин журналисти коронавируска каршы вакцинадан каза болду

BBC'нин журналисти коронавируска каршы вакцинадан каза болду
BBC радиосунун алып баруучусу Лиза Шоу коронавируска каршы вакцина AstraZeneca менен эмделгенден кийин көз жумду. Ал 44 жашта болгон. Бул тууралуу Independent гезити маркумдун туугандарына шилтеме берүү менен жазды. Журналист 21-майда тромбоздон улам көз жумган. Туугандарынын айтымында, эмдөөдөн бир жумадан кийин алпаруучунун башы катуу ооруй баштаган. Өз кезегинде BBC Лиза Шоунун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери башталганын тастыктады. Журналисттин өлүмүнүн себептеринин бири катары коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделгени каралып жатат.
Unknown Author