SerepTV Logo

Батыш Африкада жасалма дары ичип бир үй-бүлөдөн 10 адам көз жумду

Батыш Африкада жасалма дары ичип бир үй-бүлөдөн 10 адам көз жумду
Батыш Африкада жайгашкан Нигериянын Квара штатында 10 адам жасалма чөп дары ичип каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Квара полициясынын басма сөз катчысынын билдирүүсү боюнча, бир үй-бүлөдөн 10 адам дартка даба деп ичкен дарыдан кийин каза болуп калышкан. “Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери жиберилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, - деп билдирген ал. Ошондой эле аймактык полиция элди мындай суусундуктардан жана антибиотиктерден алыс болууга үндөдү.
Unknown Author