SerepTV Logo

Башар Асад үн катты

Башар Асад үн катты
Башар Асад Сириядан качып кетүү ниети болбогонун айтты. Бул маалымат Башар Асадга таандык делген Телеграм каналга кечээ, 16-декабрда жарыяланды. Анда Асад Дамаск козголоңчулардын колуна өткөндөн кийин Латакиядагы орус базасына согуштук операцияларды көзөмөлдөө үчүн барганы жазылган. Бирок абал курчуп, 8-декабрда аны шашылыш түрдө Орусияга эвакуациялашканы баяндалат. 8-декабрь күнү "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал уюму баштаган козголоңчулар Башар Асад режимин кулаткан.