SerepTV Logo

Азербайжан Тоолуу Карабахта "террорчулукка каршы иш-чараларды" баштады

Азербайжан Тоолуу Карабахта "террорчулукка каршы иш-чараларды" баштады
Азербайжан Тоолуу Карабахта “антитеррордук чараларды” баштаганын аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, соккулар аскерий объектилерге гана жасалат, жарандарга жана инфраструктуралык объекттерге чабуул жасалбайт.
«19-сентябрда трассада Армениянын куралдуу күчтөрүнүн топтору тарабынан Карабах аймагында террордук максатта орнотулган минаны жардыруунун кесепетине биздин аскер кызматкерлер каза болуп, жарадар болушкан. Саат 02:40та армян куралдуу күчтөрү азербайжан армиясы тарабына бир нече жолу ок атуучу куралдар менен аткылашты», — деп айтылат Азербайжан департаментинин маалыматында. Армения бийлиги "Ок атышты" деген айыптоолор чындыкка дал келбейт" деп жооп берди. Жергиликтүү маалымат каражаттары Баку өлкөнүн аба мейкиндигин Армения үчүн жаап жатканын жазышууда.
Unknown Author