SerepTV Logo

Өзбек президентинин кызы үйлөнүү тоюнда күйөөсүнүн жубайына кол көтөргөнү боюнча үн катты

Өзбек президентинин кызы үйлөнүү тоюнда күйөөсүнүн жубайына кол көтөргөнү боюнча  үн катты

Сынакта күйөөсүн жеңем деп таяк жеген келиндин видеосу коомчулукта резонанс жаратты. Окуя кайсы жерде болгондугу маанилүү эмес, биздин өлкөдө же коңшу өлкөдө болобу, эки күн мурунбу же эки жыл мурунбу баары бир. Бул кырдаалга болгон биздин мамилебиз маанилүү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин кызы Саида Мирзийоева соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бул окуя сиздин жана сиздин айланаңыздын кыжырын келтирип, таң калтырган болсо, анда сиздин коом - дени сак коом. “Аял эркек тарапта болушу керек”, “аял күнөөлүү, тили узун болуш керек” деген сөздөрдү уксаң, бул чыныгы балээ. Баарыбыз өнүккөн, маданияттуу, бай жана бактылуу өлкөдө жашагыбыз келет. Демек, ар бирибиз аялдарга карата зордук-зомбулукка жол берилбестигин түшүнүп, бул көз карашта бекем болушубуз керек. Мындай учурларды жайбаракат кароого болбойт. Ал эми кызга боорубуз ооруп турганда, балдарыбызга ошондой мамиле кылбоо, мектептен кийин окуусуна тыюу салбоо, эрте турмушка чыгууга аракет кылбоо, алардын өз ыктыяры менен жашоого шарт түзүү керек. Ошондуктан бизге аялдарды көз карандысыз жана күчтүү кылган келечектүү жолдорду ача турган билим керек. Билим бизге жашообузду кантип өткөрүүнү тандоого мүмкүндүк берет", - деп жазды ал. 

Буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы үйлөнүү тоюнда жубайын башына чапкан жаранга кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу маалымат берген. Видео ушул жылдын 6-июнунда Сурхандарыя облусунда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюнда тартылган. Ошондой эле жубайлар окуядан кийин эки жолго түшкөн эмес. Видеодон кийин укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаран табылып, кармалып, Өзбекстандын Административдик кодексинин 183-беренеси (майда бейбаштык) менен административдик жоопкерчиликке тартылган. Иш соттун кароосуна жиберилген.

edita