"Аватар: Суунун жолу" тасмасынын трейлери жарыкка чыкты (видео)
Дүйнөлүк атактуу режиссёр Жеймс Кэмерон "Аватар: Суунун жолу" тасмасынын трейлерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган тасманын премьерасы 16-декабрга белгиленген.
Белгилей кетсек, 2009-жылы чыккан "Аватар" фантастикалык тасмасы дүйнөлүк сатыктан 3 миллиард доллар киреше таап, кино дүйнөсүндө тарых жараткан. Ал 12 жыл бою эң алдыңкы кассалык тасма деп бааланган.