"Аватар" кайрадан эң көп киреше алып келген тасма болду
Канадалык режиссер Жеймс Кэмерондун "Аватар" тасмасы кайрадан кино тарыхындагы эң жогорку киреше алып келген тасма болду. Анын кирешеси 2019-жылы чыккан "Кек алуучулар" ("Мстители") тасмасынын акыркы бөлүгүн басып өттү. Кытайда тасма кайрадан көрүүчүлөргө сунушталгандыктан "Аватар" "тарыхтагы эң көп киреше алып келген тасма" наамын кайтарып алды.
13-мартта тасма жарым күндө 8 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Жалпысынан, "Аватар" 2,8 миллиард доллардан ашык киреше алып келгени маалым. Ал эми "Кек алуучулар: Финал" 2,79 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.