SerepTV Logo

Атып өлтүрүлгөн Гаитинин президентинин жубайы ооруканада көз жумду

Атып өлтүрүлгөн Гаитинин президентинин жубайы ооруканада көз жумду
Резиденциясында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Гаитинин президенти Жовенель Моиздин жубайы Мартин Моиз алган жаракатынан улам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. "Гаити президентинин жубайы Мартин Моиз да резиденцияга кол салуунун кесепетинен алган жаракатынан улам көз жумду", - деп айтылат маалыматта. Буга чейин өлкөнүн биринчи айымы ооруканага жеткирилгени кабарланган. 7-июлга караган түнү Гаитинин президенти жашаган резиденцияга кол салуу болгон. Кылмышкерлер президенттик резиденциянын аймагына кирип, аны бир нече жолу атып кетишкен. Анын жанында жубайы да болгондуктан, ал да жаракат алып, ооруканага жаткырылган эле.
edita