SerepTV Logo

Астанада Путиндин сапары учурунда көчө экранында Украинанын желегинин пайда болушу. Кылмыш иши козголду

Астанада Путиндин сапары учурунда көчө экранында Украинанын желегинин пайда болушу. Кылмыш иши козголду

Казакстандын Ички иштер министрлиги 27-ноябрда Владимир Путиндин Астанага сапары учурунда Орусиянын желегинин ордуна Украинанын желеги илинген көчө экранына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Кечээ социалдык тармактарда Казакстандын борборундагы Астана опера театрынын жанына орнотулган LED-экрандан Украинанын желеги көрсөтүлгөн видеосу тараган. Көп өтпөй экран өчүп, ошол бойдон иштеген эмес. 

Полиция мыйзамсыз аракеттерге күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убадалады. Ал арада Казакстандын Мамлекеттик техникалык кызматы Астанадагы LED-экран хакердик чабуулдун натыйжасында бузулганын жарыялады.

edita