Астанада өзбекстандык адам сатуучу кармалды. Ал 10 жылдан бери издөөдө жүргөн
Астана полициясы 10 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерди кармаганын билдирди. «Бөгет» ыкчам-профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышкерди кармоого мүмкүн болгон.
«Өзбекстан Республикасынын 42 жаштагы жараны 10 жылдан бери адам сатуу фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Издөөнүн демилгечиси — Ташкент облусунун ички иштер башкармалыгы. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды», - деп билдирди полиция. Азыр аны экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.