SerepTV Logo

Өзбек жарандары Араб Эмираттарына 30 күнгө визасыз бара алышат

Өзбек жарандары Араб Эмираттарына 30 күнгө визасыз бара алышат

16-февралдан тарта Өзбек жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын аймагына 30 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Өзбекстандын Эмираттардагы элчиси Абдулазиз Аккулов менен БАЭнин тышкы иштер министринин орун басары Халид Абдулла Белхоул эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кирүү визаларынан өз ара бошотуу тууралуу протоколго кол коюшту.

2023-жылы БАЭге Өзбекстандын 119,5 миң жараны барган, алар өз кезегинде БАЭ визасын алууга 9,2 миллион доллар коротушкан.

edita