SerepTV Logo

Англияда ак чардак дүкөндөн 17 килограмм азыкты уурдап кеткен

Англияда ак чардак дүкөндөн 17 килограмм азыкты уурдап кеткен
Улуу Британияда ак чардак бир жыл аралыгында дүкөндөн 17 килограммдык  азыкты уурдап чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Улуу Британиянын Девон графтыгында ак чардак күнүнө 2-3 жолу дүкөнгө кирип отуруп бир жылда 300 фунт стерлингге бааланган (30 миң сомдун тегерегинде), жалпы салмагы 17 килограммга жеткен азыктарды уурдап чыккан. Жергиликтүү тургундар ак чардактын мындай "кылыгына" көнүп бүтүшкөн. Дүкөндүн кызматкеринин айтымында, ак чардак күнү 3 жолу келет. Сырдан жасалган азыктарды жакшы көрөт. Ал кардарлар келгенде эшик ачылары менен кирет да, сырдан жасалган азыктарды алып чыгат.
info