Америкалык ырчы Тина Тернер каза болду
Америкалык ырчы Тина Тернер каза болду. Бул тууралуу SkyNews жазды.
«Рок-н-ролл ханышасы» Тина Тернер Цюрихтин жанындагы Кюснахттагы үйүндө 83 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумду», - деп айтылат маалыматта.
Тина Тернер сегиз "Грэмми" сыйлыгынын ээси. Rolling Stone журналы аны биздин замандын эң улуу ырчыларынын бири деп атаган.
Ырчы карьерасын 1960-жылдары баштап, андан бери тогуз альбом чыгарган. Тина Тернер 2016-жылы рак менен ооруп, 2017-жылы бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасалган.
https://youtu.be/GC5E8ie2pdM