SerepTV Logo

Америкада дүкөндө ок атуу болуп, 10 адам көз жумду

Америкада дүкөндө ок атуу болуп, 10 адам көз жумду
АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарындагы супермаркетте белгисиз адам ок чыгарып, анын кесепетинен 10 адам каза болду. Алардын ичинде полиция кызматкери дагы бар. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери кылмышкерди колго түшүрүштү. 51 жаштагы полиция кызматкери ошол учурда каза болгон. Кармалган жаран эмне себептен мындай кылмышка барганы азырынча белгисиз. Анын аты-жөнү жарыялана элек. Ак үйдүн басма сөз катчысы президент Жо Байден окуя тууралуу кабардар болгонун билдирди. Бул окуя — жыл башынан бери АКШдагы жетинчи массалык адам өлтүрүү. Соңку жумада эле массалык адам өлтүрүү боюнча 2 факты катталган. Тактап айтканда, 16-мартта Жоржия штатынын Аталанта шаарындагы 3 массаж салонуна кол салуудан улам 8 адам каза тапкан.
edita