SerepTV Logo

Алматыдагы ок атууда 5 адам көз жумду. Окуянын чоо-жайы (видео)

Алматыдагы ок атууда 5 адам көз жумду. Окуянын чоо-жайы (видео)
Кечээ, 20-сентябрда Алматыда 54 жаштагы киши аны үйүнөн чыгаруу боюнча соттун чечимин аткарууга келген сот аткаруучуларга жана милиция кызматкерлерине мылтыгынан ок чыгарган. Анын кесепетинен эки полиция кызматкери, бир пристав жана эки жаран, анын ичинде үйдүн жаңы кожоюну көз жумду. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты.  Маалыматты полиция тастыктап, окуя Алатау районуна караштуу Акбулак кичи районундагы үйлөрдүн биринде болгонун, 1967-жылы туулган тургун ок чыгарганын билдирген. "Беш адам, анын ичинде эки полиция кызматкери кызматтык милдеттерин аткарып жатып, октон жарадар болуп, каза болгон", - деп билдиришти полициядан.  Ошондой эле полиция 54 жаштагы кишини ок атуусуз колго түшүргөнүн, буга ал жерде аял киши жана балдардын бар экендигин айтышкан. Ал эми Алатау районунун акими чыр дал ошол үйүнөн чыгарабыз дегенден башталганын айткан. Бул маалымат кийин тастыкталды. Акбулак кичи районундагы үйдүн мурунку кожойкеси кредит алуу үчүн мүлкүн банкка күрөөгө коюп, бирок карызын төлөй албай калган. Банк менен соттук териштирүүлөр 2014-жылдан бери уланып келген. Натыйжада, үй банктын менчигине өткөн. Бирок кожойке үйдү сатып салган.  https://youtu.be/KW0h0gdnuKU
edita