SerepTV Logo

Алматыда өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтө башташты

Алматыда өспүрүмдөр жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтө башташты

Алматыда "Pfizer" вакцинасы менен 12 жаштан жогорку өспүрүмдөрдү, ошондой эле кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды COVID-19га каршы эмдөөнү баштады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Алардын маалыматына караганда, COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө колледждин студенттери жана кош бойлуу аялдар чакырылган. 10-ноябрда Казакстанга пландаштырылган 4 миллион дозанын алгачкы 379 миңи жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, биринчи кезекте бул вакцина кош бойлуу аялдарга, бала эмизген аялдарга, ошондой эле өспүрүмдөргө ата-энелеринин макулдугу менен сайылат. 

edita