SerepTV Logo

Алматыда кыздар пижамачан митингге чыгышты (видео)

Алматыда кыздар пижамачан митингге чыгышты (видео)
Алматыда Экибастуздун тургундарын колдогон митинг болуп өттү. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, пикетке Oyan, Kazakhstan кыймылынын активисттери чыгышкан. Алар Экибастуздагы окуя коррупциянын кесепети экенин айтышты жана жергиликтүү бийликтин отставкасын талап кылышты. Митингге чыккан кыздар тапочка жана пижамачан жарым сааттай суукта турушкан. Казакстандын Экибастуз шаары 30 градус суукта жылуулуксуз калган. Буга ЖЭБдеги от казандардын иштен чыгышы себеп болгон.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от БУХГАЛТЕР | АКТИВИСТ | БЛОГЕР (@darkhansharip)

edita