SerepTV Logo

Алматыда карантиндик чектөөлөр күчөдү

Алматыда карантиндик чектөөлөр күчөдү
Алматы шаарындагы башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин карантин боюнча жаңы токтомго кол койду, деп маалымдайт «zakon.kz» басылмасы. Мындагы чектөөлөр 20-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин коронавирус жуктурган жарандардын саны өсүп жатканына байланыштуу чектөөлөр боло турганы айтылган. Эми шаардагы коомдук транспорттор жумуш күндөрү кадимки режимде каттаса, эс алуу жана майрам күндөрү саат 06:00 — 10:00, кечинде саат 17:00 — 22:00 аралыгында каттайт. Соода борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Майрам күндөрү саат 10:00 — 17:00 аралыгында, жумуш күндөрү саат 10:00 — 21:00 аралыгында ачык болот. Супермаркет, гипермаркет жана азык-түлүк түйүндөрү саат 06:00 — 02:00 аралыгында, азык-түлүк дүкөндөрү менен кичи маркеттер саат 06:00 — 24:00 аралыгында иштейт. Ал эми базарлар жумуш күндөрү саат 06:00 — 17:00 аралыгында ачык болсо, ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Мындан тышкары дагы бир катар жайларда чектөөлөр болот.
edita