Алматыда кайрадан бет кап режими киргизилди
Казакстанда COVID-19 инфекциясынын көбөйүшүн эске алуу менен Алматыда бет кап режими жана башка эпидемияга каршы иш-чаралар кайрадан күчүнө кирди. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.
Шаарда төмөнкүдөй чектөөлөр бар:
- бейтап менен жакын байланышта болгон адамдарды жумуштан аралыктан иштөөгө которуу;
- эмдөөгө каршы көрсөткүчтөрү бар кызматкерлерди жана кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө которуу;
- жабык мекемелерде, коомдук транспортто беткап кийүү;
- 10дон ашык адам катышкан жолугушууларды онлайн форматка өткөрүү сунушталат. Кечээ, 11-июлда Алматы коронавирус боюнча “кызыл” зонага жакын экени кабарланган. Бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын 200 учуру аныкталды.