SerepTV Logo

Александр Лукашенко шайлоого катыша турганын айтты

Александр Лукашенко шайлоого катыша турганын айтты
Беларустун президенти Александр Лукашенко Белта маалымат агенттигине 2025-жылдын 26-январында өтө турган президенттик шайлоого кайрадан катышуу пландары тууралуу айтып берди. "Катышам, катышам, катышам. Аларга [оппозицияга] катышарымды айтып койгула", - деп баса белгиледи ал Өкүлдөр палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына комментарий берип жатып.

Александр Лукашенко мындай оор мезгилде президенттик кызматтан кетүү чыккынчылыкка барабар болорун айтты.

Александр Лукашенко 1994-жылдын 20-июлунан бери президенттик кызматты аркалап келет.

edita