Актёр Жан-Клод Ван Даммдын уулу азербайжан кызга үйлөндү (сүрөт)
Голливуддун белгилүү актёру Жан-Клод Ван Даммдын уулу Кристофер Ван Варенберг азербайжандык пианист Суада Гаджизадеге үйлөндү. Бул тууралуу "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жаштар мамилесин мыйзамдаштырып, бирок COVID-19 пандемиясынан улам салтанаттуу майрамдан баш тартышкан. Актёрго келин болгон 21 жаштагы музыкант Суада Гаджизаденин ысымы Азербайжандын жаш таланттарынын "Алтын китебине" киргизилген.
