SerepTV Logo

АКШнын президенти Путинди киши өлтүргүч деп эсептейт

АКШнын президенти Путинди киши өлтүргүч деп эсептейт
АКШнын президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путинди сезими жок, мерез, киши өлтүргүч деп эсептейт. Мындай пикирди ал Американын "ABC News" каналына берген маегинде билдирди. Анда журналист Жо Байденге "Ошондо Орусиянын президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?" деген суроо узаткан, ал “ооба" деп жооп берген. Ошондой эле ал Путинди жакшы билерин айтып, аны сезими жок, мерез адам катары сыпаттады. Аны менен катар Байден Орусия бийлиги АКШнын шайлоосуна кийлигишкени үчүн жакын арада жооп берерин айтып, журналисттин «Анда Путинге кандай чаралар көрүлөт?» деген суроосуна ал «жакында көрөсүңөр» деп билдирген. 16-мартта АКШда Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен орусиялык мамлекеттик органдар Америка президенттигине талапкер Жо Байденди каралап, анын атаандашы Дональд Трампты колдоого алган иш аракеттерди жүргүзгөндүгү боюнча доклад жарыяланган. Ал эми мындай айыптоолорду Орусия 17-мартта четке кагып, "дагы бир негизсиз айыптоолор" деп мүнөздөгөн.
Unknown Author