АКШда зордуктоо үчүн 30 жыл түрмөдө отурган адам күнөөсүз деп табылды
Зордуктоо үчүн 30 жыл жазасын өтөгөн АКШнын жараны расмий түрдө күнөөсүз деп табылып, толук акталганын Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, америкалык Перри Лотт 1988-жылы Оклахома штатында аялга кол салганы үчүн узак мөөнөткө абакка кесилген. Аялдын айтымында, кол салган киши жабырлануучуну жумуштан үйүнө азгырып, башына тапанча такап, зордуктап, тоноп кеткен. Аял эстеген шектүүнүн белгилеринин бири алтын тиш болгон. Ошондой эле алтын тиши болгон Лотт эки күндөн кийин кылмышка шектелип кармалган.
Полиция бир нече адамдарды кармаган, бирок аял шектүү катары Лотту көрсөткөн. Кийин 2014-жылы аял өтө нерв болгондуктан аны көрсөтүп койгонун айткан. Лотт кылмышкердин башка мүнөздөмөлөрүнө туура келбесе да күнөөлүү деп табылган. Сот айыпталуучунун ошол күнү сүйүктүүсүнүн жанында болгонун айткан көрсөтмөсүн эске алган эмес.
2010-жылдары Лоттун тагдырын атайын ушул багытта иш алып барган кызматкерлер колго алышкан. ДНК анализи кылмыш болгон жерден алынган биологиялык материалдар башка адамга таандык экенин көрсөткөн. Ошол эле учурда райондун прокурору ага коюлган айыпты алып салуудан баш тартып, бирок алардын сөздөрүн өзгөртүп, дароо бошотууну сунуштаган. Лотт сунушту кабыл алып, 2018-жылы бошотулган. Ал мындай кадамга аны кармаган полиция кызматкерлеринин бири негизги күбө катары катыша турган соттук отурум башталаарга эки күн калганда өз өмүрүн кыйганы себеп болгон.
2023-жылдын 10-октябрында Оклахома районунун жаңы прокурору кишини күнөөлүү эмес деп тапты. Эми ал 30 жыл адилетсиз эркинен ажыратылганы жана эркиндикке чыккандан кийин беш жылдык укуктарынан ажыраганы үчүн чоң компенсация алат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="208052,208053"]