SerepTV Logo

АКШда үч ак илбирс коронавирустан өлдү

АКШда үч ак илбирс коронавирустан өлдү

АКШнын Небраска штатындагы Линкольн зоопаркында үч ак илбирс коронавирустун кесепетинен өлдү. Бул тууралуу "Associated Press" жазды.

Андан тышкары, эки суматра жолборсу да зоопаркта коронавирус жуктуруп, айыгып кеткен. Аларды өлгөн ак илбирстердей эле өткөн айда дарылай башташкан. Зоопарк жарандар үчүн ачык бойдон калууда жана аларды санитардык тартипте кабыл алууну улантат.

Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана ал жашаган бардык 12 өлкөдө: Орусия, Монголия, Кытай, Казакстан, Ооганстан, Индия, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Бутан, Непалда сейрек кездешүүчү же жоголуп бара жаткан түр статусуна ээ. 

edita