SerepTV Logo

АКШда учак жүрүп бараткан унаанын үстүнө кулап, жарылып кетти (видео)

АКШда учак жүрүп бараткан унаанын үстүнө кулап, жарылып кетти (видео)
Американын Флорида штатынын Пемброк-Пайнс шаарындагы Норт-Перри аэропортунан анча алыс эмес жерде жеңил учак жүрүп бараткан унаанын үстүнө кулап, жарылып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган кырсыктын кесепетинен үч адам көз жумган. Жеринен учактагы эки адам набыт болсо, унаадагы аял менен жаш бала ооруканага жеткирилип, ал жактан жаш бала алган оор жаракаттарынын айынан каза болгон. Окуянын себептери тууралуу азырынча маалымат бериле элек. [video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/web-extra-ring-video-captures-deadly-plane-crash-in-pembroke-pines.mp4"][/video]
Unknown Author