SerepTV Logo

АКШда океанариумдагы кундуздардан коронавирус аныкталды

АКШда океанариумдагы кундуздардан коронавирус аныкталды
АКШнын Жоржия штатындагы океанариумда азиялык кундуздардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Фейсбуктагы «Georgia Aquarium» баракчасында айтылат. Алгач кундуздардан респиратордук инфекциянын белгилери: чүчкүрүү, мурун бүтүү жана алсыздык байкалган. Кээ бирлери жөтөлүп баштаган. Кундуздар коронавирусту илдеттин жеңил түрү менен ооруган океанариумдун кызматкеринен жуктурушканы болжолдонууда. Себеби океанариумдагы айбанаттар кардарлар менен түз байланышта болушпайт.
edita