SerepTV Logo

АКШда курсагында чарчап калган баласын 9 жыл бою көтөрүп жүргөн аял көз жумду

АКШда курсагында чарчап калган баласын 9 жыл бою көтөрүп жүргөн аял көз жумду
АКШда көп балалуу эне курсагында чарчап калган баласын 9 жыл бою көтөрүп жүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. Аял Танзанияда жашап, 8 балалуу болгон. Анын ичинен үчөөсү каза болуп калган. Акыркы кош бойлуулугунун тогузунчу айында дарыгерлер түйүлдүктөгү баланын чарчап калганын айтышып, эгер бойдон түшпөсө, 2 жумадан кийин келиши керектигин айтышкан. 2 жумадан кийин ооруканага келген жана андагы адамдар аялды баласын өлтүрүп салган деп айыпташкан. Ал стресске кабылып, ооруканага барбай эле коюуну чечкен. 9 жылдан кийин аял Нью-Йоркко көчүп кеткен. Ичи ооруп жатканынан ооруканага кайрылган. Дарыгерлер түйүлдүк калып калганын айтып, операция жасоо керектигин билдирген. Бирок аял жасатпай койгон. Аял АКШга көчүп баргандан 14 айдан кийин каза болгон. 
edita