SerepTV Logo

АКШда кулаган имараттан сөөгү табылгандардын саны 27ге жетти. Дагы 118 адам изделүүдө

АКШда кулаган имараттан сөөгү табылгандардын саны 27ге жетти. Дагы 118 адам изделүүдө
Издөө-куткаруу иштери учурунда АКШнын Флорида штатындагы кулап түшкөн 13 кабаттуу үйдүн урандыларынан дагы 3 адамдын сөөгү табылды, ошентип жалпы сан 27ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Мындан сырткары урандылардын астында калышы мүмкүн делген 118 адам изделүүдө. Флоридага жакындаган тропикалык "Эльза" ураганынан улам, имараттын калган бөлүгү коопсуз эмес деген жүйөө менен кечээ, 5-июлда буздурулду. 24-июнда 13 кабаттуу үй жарым-жартылай урап түшүп, анын астында 150дөн ашуун киши калганы маалымдалган.
Unknown Author