АКШда коронавируска антителосу бар ымыркай төрөлдү. Бул алгачкы учур
Флорида штатында канында коронавирус инфекциясынан коргоочу антителосу бар ымыркай төрөлгөн алгачкы учур катталды.
Пол Гилберттин айтымында, январь айында саламаттыкты сактоо системасынын кош бойлуу кызматкери төрөрүнө 3 жума калганда Moderna вакцинасын алган. Медиктер энеден балага антитело берилер-берилбесин аныктоо үчүн аны көзөмөлдөп турууну чечишкен.
Бала төрөлөр менен анын киндигинен кан алган дарыгерлер ымыркайда антитело бар экенин аныкташты, ал бөбөккө энесинен гана өтүшү мүмкүн эле, деп билдирет ВВС.
Андан тышкары, ал антителолор эмдөөнүн аркасы менен гана иштелип чыккан. Анткени төрөткө чейин энеден коронавируска каршы анализ алышканда терс жыйынтык көрсөткөн. Башкача айтканда, антитело аялдын канында табигый жол менен, организмдин коронавирус менен күрөшүүсүнүн жүрүшүндө пайда болгон эмес.
Дарыгерлер алар жасаган ачылыш энелерди эмдөөнүн артыкчылыктарын андан ары изилдөөгө жол ачат деп ишенишет.