SerepTV Logo

АКШда Johnson & Johnson вакцинасынын 15 миллион дозасы жарактан чыкты

АКШда Johnson & Johnson вакцинасынын 15 миллион дозасы жарактан чыкты

АКШда Johnson & Johnson компаниясынын Балтимор заводунун кызматкерлери бир нече жума мурун коронавирустук вакцинанын курамындагы дарыларды аралаштыруу учурунда ката кетиришкен. Натыйжада вакцинанын 15 миллион дозасы жарактан чыккан. Бул тууралуу РБК жазды.

Компания өзү дары-дармектердин партиясы сапаттуу текшерүүдөн өтпөй калгандыгын билдирди.

"Emergent BioSolutions" компаниясында вакцинанын сапатын көзөмөлдөө процессинде, вакцинанын бир партиясы стандарттарга жооп бербегендиги аныкталды",- деди компаниянын өкүлү Жейк Сарджент.

edita