SerepTV Logo

АКШда энергиянын тартыштыгына болгон коркунучтан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

АКШда энергиянын тартыштыгына болгон коркунучтан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

АКШнын президенти Жо Байден өлкөдө электр энергиясын өндүрүүдө мүмкүн болгон көйгөйлөрдөн улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал ошондой эле Азия өлкөлөрүнөн өлкөгө күн батареяларын пошлинасыз ташып келүүгө убактылуу уруксатты узартууну тапшырды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

АКШнын энергетикалык коопсуздугуна Орусия менен Украинанын ортосундагы аскердик кагылыштан, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн улам энергетикалык рыноктордогу камсыздоо үзгүлтүктөрү коркунучта. Федералдык энергетикалык жөнгө салуу комиссиясынын жана Түндүк Американын электр энергиясынын ишенимдүүлүгү корпорациясынын болжолдоолору боюнча, бул факторлор жакынкы келечекте АКШда электр энергиясын өндүрүүдө көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Маселени чечүү үчүн Камбоджадан, Малайзиядан, Таиланддан жана Вьетнамдан алып келинген айрым күн батареялары жана модулдары импорттук алымдардан эки жылга бошотулган. Кошумчалай кетсек, Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, 2022 жана 2023-жылдары электр энергетика тармагындагы жаңы кубаттуулуктун жарымынан көбүн күн орнотмолору жана батареялары түзүшү керек.

edita