SerepTV Logo

АКШда биринчи жолу өлүм жазасын алган жаран азот менен өлтүрүлөт

АКШда биринчи жолу өлүм жазасын алган жаран азот менен өлтүрүлөт

Алабама штатынын Жогорку соту штатта азот газын колдонуу менен биринчи өлүм жазасына тартууга уруксат берди. Мындай жазалоо ыкмасы 2018-жылы мамлекеттик органдар тарабынан жактырылган, бирок ал ушул убакка чейин колдонулган эмес. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдирди. 

Методдун маңызы азот баллонуна туташтырылган бет капты адамдын бетине кислород менен дем ала албай тургандай кылып кийгизишет. Ошондон кийин адам гипоксия болуп өлөт. Адам дем алган абанын курамында 78 пайызын азот түзөт. 

Бул жазага 58 жаштагы Кеннет Юджин Смит тартылат. Ал 1988-жылы Алабама штатынын Колберт округунда Элизабет Сеннетти өлтүрүү боюнча айыпталгандардын бири. Бир жыл мурун Смитти инъекция аркылуу өлтүрүүгө аракет кылышкан, бирок анын тамырына ийне киргизүүдөгү көйгөйлөрдөн улам бул ыкмадан баш тартууга туура келген.

edita