АКШда коронавируска каршы балдарды беш жашынан тартып эмдей башташты
АКШда 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарды COVID-19га каршы эмдөө башталды. Ак үйдүн коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча координатору Жефф Зинц өнөктүк 8-ноябрда башталганын жарыялады. Бул тууралуу РБК жазып чыкты.
"29-октябрда Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы 5 жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн Pfizer / BioNTech вакцинасын жактырды", - деди ал. Андан кийин Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун уруксатын күтүү гана керек болчу.
Борбор 3-ноябрда Pfizer компаниясынын балдар вакцинасын бекитти. Жефф Зинц белгилегендей, АКШ бийлиги кампаниянын башталышына алдын ала даярданган жана 28 миллион балага вакцина даярдалган.