SerepTV Logo

АКШда 51-штат пайда болушу мүмкүн

АКШда 51-штат пайда болушу мүмкүн

АКШнын Өкүлдөр палатасы АКШнын борбору Вашингтонго штат деген статус берүү үчүн добуш берди .Бул тууралуу РИА Новости добуш берүүнүн жыйынтыгына таянып жазып чыкты.

Эгер аталган долбоорду Сенат кабыл алып, андан кийин президент кол койсо, Вашингтон Дуглас шериктештиги деп аталган 51-штат болууга мүмкүнчүлүк берет. Шериктештик термини эми АКШнын төрт штатынын - Вирджиния, Кентукки, Массачусетс жана Пенсильваниянын расмий аталышына кирди.

Палатанын 216 мүчөсү Вашингтондун статусун өзгөртүүгө "макул" деген добуш беришсе, 208и каршы болду. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлүп, демократтарга демилгени жактыруу үчүн республикачылардын кеминде 10 добушу керек болот.

Палата жактырган мыйзам долбооруна ылайык, жаңы мамлекеттин аймагы Ак үйдү, Конгресстин имаратын жана Жогорку Сотту камтыган өкмөттүк имараттар менен эстеликтерди кошпогондо, борбордун бүт аймагын камтыйт. Бул штаттан тышкаркы аймактар, АКШнын борбору деп эсептелет.

edita