SerepTV Logo

АКШда тропикалык шамалдан улам 18 унаа кагышып, 10 адам каза болду

АКШда тропикалык шамалдан улам 18 унаа кагышып, 10 адам каза болду
АКШнын Алабама штатында 18 унаанын катышуусунда болгон жол кырсыгынан 10 адам каза болду, алардын 9у бала. Жол кырсыгына аба ырайынын кескин бузулушу себеп болгонун дүйнөлүк басылмалар жазышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлү кырсыкта балдарды кароо мекемесине таандык кичи автобуста болгон 4 жаштан 17 жашка чейинки сегиз бала каза болгонун жарыялады. Кырсыкка кабылган башка унаада наристе жана атасы да каза болгон. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар да бар, алар жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, тропикалык шамалдан улам унаа жолдо топтолгон сууга тайгаланып кетишинин натыйжасында кырсык болушу мүмкүн деп айтылган. Кагылышкан унаалар сууга түшүп кеткен.
Unknown Author