SerepTV Logo

АКШда 15 жылдан бери биринчи жолу соттолгон адам өлүм жазасына тартылды

АКШда 15 жылдан бери биринчи жолу соттолгон адам өлүм жазасына тартылды

Америка Кошмо Штаттарында акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу өлүм жазасына тартылган жарандын өкүмү атуу менен аткарылды. Бул тууралуу Түштүк Каролинанын Жаза аткаруу департаменти X социалдык тармагында билдирди. 

"Брэд Кит Сигмонду бүгүн, 7-мартта саат 18:05те атышты. Дарыгер 18:08де каза болгонун тастыктады", — деп айтылат маалыматта.

Өлүм жазасына тартылган адам 2001-жылы 67 жашта болчу. Ал мурдагы дос кызынын ата-энесин өлтүрүүгө айыпталган. Жактоочулардын айтымында, Сигмон өзү атуу менен жазалоо ыкмасын тандап алган. Соттолгон электр отургучтан же өлүмгө алып келген инъекциядан баш тарткан.

edita