АКШда 14 жаштагы өспүрүм мектепте ок чыгарып, 4 адам каза болду
АКШнын Жоржия штатында 14 жаштагы өспүрүм мектепте ок чыгарып, кеминде 4 киши каза таап, 30 киши жарадар болгонун CNN телеканалы билдирди.
Окуя кечээ, 4-сентябрь күнү эртең менен Уиндер шаарындагы Апалачи мектебинде болгон. "Өлгөндөрдүн арасында эки окуучу жана эки мугалим бар", - деп айтылат маалыматта.
Жоржиянын Тергөө бюросу ок аткан өспүрүм камакта экенин айтты.