SerepTV Logo

АКШда 13 жаштагы өспүрүм алгачкы болуп тетристи ойноп бүтүрдү

АКШда 13 жаштагы өспүрүм алгачкы болуп тетристи ойноп бүтүрдү

Америкалык мектеп окуучусу инженер Алексей Пожитнов ойлоп тапкандан 40 жыл өткөндөн кийин советтик атактуу Тетрис оюнунун акыркы деңгээлине чейин жетип, аяктаган тарыхта биринчи адам болуп калды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Оклахомалык 13 жаштагы Уиллис Гибсон өзүнүн YouTube каналына оюндун 157-деңгээлине чыкканда оюндун катып калган учурун жарыялады.

Уиллиске 157-деңгээлге жетүү үчүн болгону 38 мүнөт талап кылынган.

Буга чейин тетристе 29-деңгээлге гана жетүүгө мүмкүнд деп ойлошкон.  2010-жылы гана АКШда кесипкөй оюнчу Тор Акерлунд 30-деңгээлге жете алган. 

edita