АКШда 13 жаштагы бала 66 окуучусу бар автобусту токтотуп калган (видео)
АКШда13 жаштагы бала 66 окуучусу бар мектеп автобусун айдоочу рулда эс-учун жоготуп койгондон кийин токтотуп калган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Диллон Ривз тез реакция кылып, автобус каршы тилкеге чыгып баштаганда, көзөмөлдү колго алган. Окуядан эч ким жабыркаган эмес, айдоочу ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.