SerepTV Logo

АКШ Борбор Азия менен өнөктөштүктү тереңдетүүнү каалайт

АКШ Борбор Азия менен өнөктөштүктү тереңдетүүнү каалайт
Америка кошмо штаттары Борбор Азиядагы беш өлкө менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнү ниеттенет. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден Нооруз майрамына карата Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге жолдогон куттуктоосундо айтканын Казакстандын басылмалары жазып чыгышты. Анда Жо Байден АКШ менен Борбор Азиядагы беш өлкө — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен «U 5+1» форматындагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнү кааларын жазган. «U 5+1» диалогдук форматы 2015-жылы АКШ менен Борбор Азиядагы беш өлкө — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын ортосунда экономика, экология жана коопсуздук боюнча аймактык маселелерди биргелешип чечүү максатында түзүлгөн.
Unknown Author