Теги африкалык Жорж Флойддун өлүмү. АКШда соттук угуулар башталат
Бүгүн АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында Жорж Флойддун өлүмүнө шектелген мурунку полиция кызматкери Дерек Шовиндин иши боюнча соттук угуулар башталат. Бул тууралуу ВВС билдирди.
46 жаштагы теги африкалык Флойд былтыр май айында полиция тарабынан кармалып жатканда муунтулуп каза тапкан. Ал дем жетпей баратканын 20 жолу эскертсе да, полиция кызматкери Шовин анын моюнун тизеси менен басып, 8 мүнөт турган. Күбөлөр тарабынан тартылып калган тасма тез арада соцтармактарга тарап, дүйнө жүзүндө нааразычылык толкундарын жараткан. Соттук-медициналык экспертиза Флойд күч колдонуудан улам каза болгонун аныктаган. Шовин этиятсыздыктан адам өлтүрүүгө айыпталып жатат, ал 65 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн. Кармоо учурунда анын жанында болгон 2 кесиптешин өзүнчө соттошот.
Флойддун үй-бүлөсү Миннеаполис шаарынын бийлигинен 27 миллион доллар кенемте алган.