Африкада пилдер браконьерлерден "өч алышты"
Түштүк Африканын Крюгер улуттук паркында браконьерликке шектүү жаран шериктери менен коопсуздук кызматынын кызматкерлеринен жашынам деп атып, пилдердин үйүрүнө туш болду. Жаныбарлар мергенчини тебелеп салышканын Lad Bible жазды.
Маалыматка караганда, улуттук парктын аймагын күзөтүү учурунда коопсуздук кызматынын кызматкерлери 3 мыйзам бузуучуну байкап калып, артынан түшүшкөн. "Пилдерди мыйзамсыз өлтүрүүгө шектелип жаткандар аларды байкап калышканын билгенде, жанындагы балталарын жана тамак-аш салынган баштыктарын таштап, жашынып калышкан. Токойчулар тик учак жана из кубарлардын жардамы менен алардын бирин кармашкан", - деп билдирди Түштүк Африка улуттук парктарынын өкүлү.
Кармалган жаран коопсуздук кызматкерлерине шериктери менен качып баратып, пилдердин үйүрүнө туш болушканын айтып берген. Жолдоштору алардан аман кутула алдыбы, аны билген эмес.
"Кийинчерээк токойчулар дагы бир шектүүнүн жансыз денесин табышкан. Ал аябай жанчылган түрдө экен. Эркек киши алган жаракаттарынан ошол жерде жан берген шекилдүү. Сөөктүн жанында мылтыгы жаткан. Үчүнчү шектүү жаракат алган менен качып кутулган. Бирок аны полиция издөөдө", - деп билдиришти улуттук парктан.
Жаратылышты коргоо эл аралык союзунун маалыматына караганда, Африкада 415 миң пил калды. Пилдин сөөктөрүн сатууга олчойгон айып пул салынарына карабастан, жыл сайын браконьерлер азуу тишин алуу үчүн миңдей пилди өлтүрүшөт.