SerepTV Logo

35 жаштагы аял спорт залсыз 42 килограммга арыктаган. Ал сыры менен бөлүштү

35 жаштагы аял спорт залсыз 42 килограммга арыктаган. Ал сыры менен бөлүштү

Сингапурдук 35 жаштагы Жасмин Тинг үзгүлтүксүз баса баштагандыктан эки жылга жетпеген убакытта 42 килограммга арыктаган. Бул тууралуу Asia One басылмасы жазды.

Аял күнүмдүк жашоодо кыймылдаганда кыйналып жатканын түшүнгөндөн кийин арыктоону чечкен. Салмагы 110 килограмм болгон Тинг тепкич менен өйдө чыкканда кыйналып кетчү. Дээрлик эки жылдан кийин аял 68 килограмм болгуча арыктаган. Тинг диета кармайт, бирок кадимки жөө басуу аны ушундай жыйынтыкка алып келген дейт. Бул арыктоо үчүн жеңил жана арзан жол экенин белгилеп, аял жумасына кеминде беш жолу 6-10 чакырым басат.

Тинг тренажерлордо туура көнүгүү жасаганды билбегендиктен, уялчаак болгондуктан спорт залга барбайт. Кошумчалай кетсек, аялдын айтымында, мындай жерлерде өзүн семиз сезет. Ал учурда арыктоосун улантып жатат.

edita